Жаңылыктар
02.04.2024 17:37
Кароолор: 304
БИШКЕК: ЭРЕЖЕЛЕРГЕ БАШ ИЙИП, ТИЛСИЗ ЖООДОН САК БОЛОЛУ
Бүгүн, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи май районунун кызматкерлери тарабынан №27 жалпы орто билим берүү мектебинде “Жарандык коргонуу” күнү өткөрүлдү.
Окуучуларга жана мугалимдерге өзгөчө кырдаал жана түрдүү кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери тууралуу маалымат берилип, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен колдонуу эрежелери, жабыркаган жаранга учурунда биринчи жардамды көрсөтүү ыкмалары практикалык негизде үйрөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө имараттан окуучулар эвакуцияланып, жалпы 660 окуучу жана 34 мугалимдер катышты.
Ошондой эле Октябрь райондук бөлүмү тарабынан №18 кесиптик лицейинде өрт-тактикалык сабак өткөрүлдү.
Жалпы 530 адам катышкан иш-чарада куткаруучулар тилсиз жоонун алдын алуу боюнча кеңири маалымат берип, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарын колдонууну практикада көрсөтүп беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР