Жаңылыктар

25.04.2024 12:39

   Кароолор: 297

БИШКЕК: ЭРЕЖЕЛЕРГЕ БАШ ИЙИП, ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛАБЫЗ

ӨКМдин кызматкерлери тарабынан борбор калаанын бир катар мекемелеринде, мектептерде жана бала бакчаларда өрт кырсыгын алдын алуу максатында өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иши жигердүү жүрүүдө.

Алсак, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлерине өрт коопсуздугу боюнча инструктаж өткөрүштү. Анда өрт кырсыгы катталган учурда биринчи колдонулуучу өрт өчүрүү шаймандарын колдонууну үйрөтүшүп, “101” же “112” кызматтардын бирдиктүү байланыш номерин эскертишти.

Ал эми Биринчи май району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан шаардагы №49 орто жалпы билим берүү мектебинде “Жарандык коргонуу” күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө имараттан окуучулар эвакуцияланып, жалпы 763 окуучу жана 63 мугалим катышты.

Ошондой эле башкармалыктын Свердлов райондук ӨК тарабынан №92 бала бакчанын тарбиячыларына өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

Мындан сырткары, Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде командалык штабдык машыгуу өткөрүлдү.

Жалпы кызматкерлерге жана студенттерге ар кандай өзгөчө кырдаал, жер титирөө, өрт кырсыгы катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин ошондой эле өрт учурундагы алгачкы колдонуучу өрт шаймандарын туура колдонууну, жабыркаган жаранга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикада көрсөтүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу