Жаңылыктар
13.09.2023 09:48
Кароолор: 460
Бишкек электр тармактар ишканасында өрт тактикалык сабагы өткөрүлдү
БИШКЕК ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНДА ӨРТ ТАКТИКАЛЫК САБАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын буйругунун негизинде Бишкек электр тармактар ишканасында өрт тактикалык сабагы өткөрүлдү.
Башкы максат — өзгөчө кырдаалдардын классификациялык принциптерине ылайык, техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу.
Өрт тактикалык машыгууда Свердлов райондук N 3 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, 1 штабдык, 54 метрлик автошаты АКП-54 унаасы тартылып, ишкананын ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуундары менен биргеликте өткөрүлдү.
Анда ӨКМ кызматкерлери тарабынан Бишкек электр тармактар ишканасындагы 2 өрт гидрант жана 1 өрт көлмөсүнүн иштөө абалы текшерилип, техногендик кырсыктарга даярдыгы бааланды.
Өрт тактикалык сабактын жүрүшүн КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулу жетектеп, көзөмөлгө алды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.