Жаңылыктар
24.12.2024 12:02
Кароолор: 158
БИШКЕК: ЭКИ КАБАТТУУ ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Өрт саат 11:40да толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 130 ч.м. түзгөн. Жабыркагандар жок.
Маалым болгондой Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунда ГЭС-2 айылынын Суворов көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан (ККББ) башкаруу унаасы менен ыкчам топ, 1 дрон тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР