Жаңылыктар
12.09.2023 09:56
Кароолор: 762
Бишкек: Чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды
11-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо-1 конушунун Ю.Гагарин көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдын жанындагы экскаватор менен казылган чуңкурга 2006-ж.т. М.Р. аттуу эркек бала кокустуктан түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамында жабыркаган эркек баланы чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Маалыматка ылайык, жарандын абалы канааттандырарлык.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР