Жаңылыктар

16.10.2023 13:01

   Кароолор: 907

БИШКЕК, ЧҮЙ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ӨРТТҮ КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫ 9 АЙДА 49 АЙЫП САЛДЫ

ӨРТ КООПСУДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!

 

ӨКМге караштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Өрттү көзөмөлдөө кызматы 9 айда аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Б.Ажикеевдин тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 9 айында 2532 мекме-ишканалар текшерилген. Анын 1222си пландуу текшерилсе, 95и пландан сырткары, ал эми 1104ү кайрадан көзөмөлдөндү. Аталган кызматтын инспекторлору Өрт коопсуздугун сактабаган мекемелерге 49 айып пул салышты. Жыйынтыгында 899000 сом айып пулдун 699000 сому өндүрүлгөн. Ал эми 2 айып сот органдарына өткөрүлгөн.

Буга кошумча 28-августтан тарта аталган башкармалыктарын кызматкерлери менен биргеликте бала бакчаларды, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларды жаңы окуу жылындагы даярдыгы текшерилди. Себеби жаңы окуу жылында тарбиялануучуларга, билим алуучуларга окутуучу-мугалимдерге өрт кооптуулугу жаралбайбы, коопсуздук эрежелери сакталганы каралды.

Жай чилдесинде чөп жыйноо, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыюуда, айыл-чарба продукциясын камдоодо өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору ММК, анын ичинде «Сельская Новь», «Жайыл пресс», «Трибуна», «Мой город» жергиликтүү гезиттери менен тыгыз байланышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу