Жаңылыктар
24.02.2025 15:12
Кароолор: 993
БИШКЕК: БЕЙТАПКАНАЛАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУН ТЕКШЕРҮҮ УЛАНУУДА
Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун имараттарында өрт коопсуздук талаптарынын сакталышын кароо боюнча пландык текшерүү жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору борборду текшерүүнүн алкагында автоматташтырылган сигнализациянын жоктугу, суу түтүктөрүнүн эскилиги, өрт өчүрүүчү каражаттарынын өз убагында толтурулбаганы, оор абалдагы бейтаптар жайгашкан корпусунда эвакуациялык ташып чыгаруучу арабалардын жетишсиздиги боюнча айрым кемчиликтер аныкталды.
Жыйынтыгында өрт коопсуздук эрежелеринин талаптарына жооп бербеген жагдайлар жана бузуулар боюнча бир катар эскертмелер жазылып, аларды калыбына келтирүүгө бир айлык мөөнөт берилди. Андан соң көзөмөлдүк текшерүүлөр жүргүзүлөт, эгерде аткарылбаса, Бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык административдик айып пул салынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР