Жаңылыктар

11.06.2024 18:12

   Кароолор: 245

БИШКЕК: БАССЕЙИНДЕРДЕГИ КООПСУЗДУК ТЕКШЕРИЛДИ

Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагында жайгашкан бассейиндерди кыдырышты.

Анда аптаптын келиши менен шаар тургундары көп бара турчу мындай жайлардагы суу коопсуздук эрежелери канчалык деңгээлде сакталган жана даярдыгы текшерилди.

Адистер суу объектилеринин ээлерине талап кылынган бардык шарттар жана эрежелер так сакталып, аткарылышы керектигин баса белгилешти.

Айрыкча балдарды кароосуз сууга түшүрбөөгө, тажрыйбалуу куткаруучулардын болушун жана алардын алгачкы жардам көрсөтө билүүсү зарыл экендигин эскертишти.

Мындай түшүндүрүү иши ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте борбор калаадагы "Парк Отель Бишкек", "Триатлон борбору" , "Түштүк-2", "Дети воды" суу объектилеринде жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу