Жаңылыктар
30.08.2023 10:15
Кароолор: 353
Бишкек: Арча-Бешик конушунда сел каптоо коркунучунан 35 турак үй коргоого алынды
БИШКЕК: АРЧА-БЕШИК КОНУШУНДА СЕЛ КАПТОО КОРКУНУЧУНАН 35 ТУРАК ҮЙ КОРГООГО АЛЫНДЫ
Борбор калаанын (түштүк-Б)
батыш тарабында жайгашкан «Маңка-Жар» коктусундагы селден коргоочу 2 курулма тереңдетилип тазаланууда. Азыркы тапта иш кызуу уланып, 2-3 күндүн ичинде жумушту аягына чыгаруу мерчемделүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1200 м3дан ашык ылай, топурак чыгарылды. Ал үчүн ӨКМден 1 экскаватор, 1 унаа жүктөгүч тартылып, иштин үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүрүшүн министрликтин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөлгө алууда.
Тазалоо иштеринин натыйжасында Арча-Бешик конушундагы 35ден ашуун турак үй сел каптоо коркунучунан коргоого алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР