Жаңылыктар

22.09.2023 17:15

   Кароолор: 279

Бишкек: Арча-Бешик конушунда арыктар тазаланбагандыктан турак үйлөрдү сел суусу каптаган

22-сентябрь күнү, кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Манка Жар коктусунан агып түшкөн сел суусунун көлөмү коктудагы 2 сел тосмодон ашып түшүп, Арча-Бешик конушунун Азем, Жайыл-Батыр, Криваносов, Аймончок көчөлөрүнүн жана турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Алдын ала маалымат боюнча суу 80 үйдүн короосуна кирип, 8 үйдүн жер төлөсүн, ички жолдорду каптаган.

Буга ички чарбалык жолдордун өз убагында тазаланбашы да сел суусунун жолдорду, турак үйлөрдү каптоосуна алып келген.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусуповдун жетектөөсү астында 19 куткаруучу 5 мотопомпа (суу сордурууучу каражат) менен тазалоо ишин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, суу толуп калган каналдын нуктары ачылды. Ошондой эле Бишкек суу башкармалыгынан жана Бишкек Тазалыктан 2 ассенизатор тартылган. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу