Жаңылыктар
04.11.2023 15:10
Кароолор: 329
БИШКЕК: АПТАНЫН АЯГЫНДА КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШ!
Куткаруучулар Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн өтүп жаткан мелдеште алдыңкы орундарды багындырууда
7-октябрдан тарта Бишкекте өтүп жаткан спорттук мелдеште куткаруучулар кичи футбол боюнча 16 команданы артка калтырып, 1 орунду камсыздашты.
Борбор калаанын мэринин кубогу үчүн өтүп жаткан спорттук иш-чарага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери волейбол, аркан тартыш, стол тенниси, шахмат, сууда сүзүү, дартс, кичи футбол, бильярд боюнча катышууда.
Соңку эсеп менен куткаруучулардын куржунунда 31 медаль, 3 кубок бар. Ал эми спорттук мелдеш 4-ноябрга чейин уланат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР