Жаңылыктар

16.01.2025 12:00

   Кароолор: 938

БИШКЕК: АЛТЫН-ОРДО КОНУШУНДА ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧТҮ

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт саат 09:33тө толук өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:02де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, ал эми 08:08 мүнөт өткөндө дагы бир күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде эки бөлүм иш алып барды.

Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 130 чарчы метрди түзгөн турак үйдүн чатыры, жуунучу бөлмөсү жана от жагуучу жайы күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу