Жаңылыктар

27.09.2023 12:10

   Кароолор: 349

Бишкек: Аламүдүн дарыясынын турак үйлөргө жакын аралыгы тазаланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылга түзүлгөн "Алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" мерчеминин негизинде, Бишкектин Октябрь районунун Куттубаев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Аламүдүн дарыясын 120 метр аралыгын тазалоо иши башталды.

Учурда иш кызуу башталган жерге ӨКМден 2 Хово, 1 экскаватор тартылып, жеринде Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда.

Аталган дарыянын жээгинде көп кабаттуу жана жер үйлөр жайгашкандыктан, эгер суунун дээңгели көтөрүлө турган болсо, турак үйлөрдү каптоо коркунучу бар. Ошол себептен учурдагы Аламүдүн суусу агып өткөн каналды тереңдетип, тазалоо иши эң маанилүү болууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу