Жаңылыктар
26.09.2023 11:48
Кароолор: 625
Бишкек: "Жаш куткаруучу" мелдеши өттү
Борбор калаада "5-октябрь - Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө" карата жарыяланган бир айлыктын алкагында, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондук ӨК бөлүмү тарабынан райондордогу жалпы билим берүү мектептеринде “Жаш куткаруучу” сынагы өткөрүлдү.
Мелдешке жалпы 20дан ашуун мектептерден командалар катышып, төмөндөгү баскычтар боюнча күч сынашты:
1. Үй-тапшырмасы;
2. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү;
3.Өрт эстафетасы;
4. Команданын капитанынын сынагы.
Сонунда 3 орун боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар, грамоталар тапшырылып, ал эми 1-орунду алган командалар облустук “Жаш куткаруучу” мелдешине катышууга жолдомо алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР