Жаңылыктар

18.11.2023 10:18

   Кароолор: 329

БИШКЕК: "КАРАВАН" СООДА БОРБОРУНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Бүгүн, 18-ноябрда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ыкчам-нөөмөт кызматы тарабынан Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан “Караван” соода борборунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун алкагында ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелери, өрт коопсуздугу, эвакуациялоо ыкмалары тууралуу ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттарын туура колдонуу ыкмалары көргөзүлүп, өрткө каршы ички крандарынын суу басымдары текшерилди.

Сценарийге ылайык өрт кырсыгы катталып, анда эң алды менен борбордун администрациясы, кызматкерлери жана жеке ишкерлер болуп, жалпысынан 100 адам эвакуацияланды. Бул учурда соода борбордун коопсуздук кызматкерлеринин кырсык учурундагы иш алып баруусу өзгөчө көзөмөлгө алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу