Жаңылыктар

03.10.2023 14:28

   Кароолор: 441

Бишкек: 5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата

5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында жайгашкан 10 жалпы билим берүүчү орто мектебинде, 11 жогорку окуу жайында жана административдик мекемелеринде өзгөчө кырдаалдар катталган учурда коопсуз жайга эвакуациялоо, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык иш чаралар өткөрүлдү.

Иш-чара ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага райондун ички иштер бөлүмү жана эл аралык "ЮНИСЕФ" уюмунун ыктыярчылары да катышышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу