Жаңылыктар
25.11.2024 16:41
Кароолор: 493
БИШКЕК: 2 БӨЛҮМ ТАРТЫЛГАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Бүгүн, 25-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда алдын ала маалымат боюнча, Ак-Өргө конушунун Кожожаш көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:51де Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо 16:15те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Кошумча маалымат берилет
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР