Жаңылыктар

18.04.2025 15:09

   Кароолор: 663

БИРГЕЛЕШКЕН МАШЫГУУ… ТАЛАА ШААРЧАСЫНДА ПРАКТИКАЛЫК ИШТЕР КӨРСӨТҮЛДҮ

Бүгүн республикалык командалык-штабдык машыгуунун алкагында Жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүнөн жыйынтык чыгарылды.

Биргелешкен машыгууда аткарылчу иш-аракеттерди тажрыйба жүзүндө көрсөтүү үчүн чатылардан талаа шаарчасы уюштурулган.

Анда Нарын облусундагы Жарандык коргонуу кызматтарынын чатырлары тигилип, өзгөчө кырдаалдар катталган учурда милдеттери чагылдырылды.

Эң негизгиси жабыркагандарга жардам берүү, коопсуз жайларга жайгаштыруу, психологдорду тартуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө камкордук көрүү, гуманитардык жардам менен камсыздоо, медициналык жардам көрсөтүү иштери тажрыйба жүзүндө көрсөтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу