Жаңылыктар
18.01.2025 10:38
Кароолор: 439
БИР ЖУМА ИЧИНДЕ КАТТАЛГАН КЫРСЫКТАР БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Өлкө боюнча бир жумада 95 өрт кырсыгы катталып, ага 114 бөлүм тартылган. Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болгон. Куткаруучулардын ыкчам аракети менен 49 адам эвакуацияланган. Учурда материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда. Мындан сырткары республика боюнча куткаруу кызматы 13 жолу чакырууларга чыгышып, Таш-Көмүрдөгү издөө иштерине 54 адам тартылган. Ал эми Баткендеги Ак-суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери 90 пайызга аткарылганын белгилейбиз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР