Жаңылыктар
29.07.2026 15:52
Кароолор: 49
БИЙИК ТООЛУУ КӨЛДӨРДҮ АБАДАН ВИЗУАЛДЫК КАРОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Сел коркунучунун учурдагы абалын баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргыз тоо кыркасынын түндүк капталындагы бийик тоолуу көлдөрдү абадан визуалдык кароо иштерине катышты.
Аба аркылуу жүргүзүлгөн изилдөөгө кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү түзүмдөрүнүн адистери, ошондой эле Борбордук Азия университетинин окумуштуулары катышышты.
Учуу учурунда төмөнкү сел коркунучу жогору деп эсептелген бийик тоолуу көлдөр текшерилди:
📍 Кейди-Кучкач,
📍 Чоң-Төр,
📍 Адыгене,
📍 Ак-Сай,
📍 Салык,
📍 Кулбото,
📍 Челек-Төр,
📍 Чирканак,
📍 Атжайлоо–Шамшы (оң), (Чүй району),
📍 Атжайлоо–Шамшы (сол), (Чүй району),
📍 Көлтөр (Кочкор району),
📍 Туюкжар – Батыш (Чүй району),
📍 Коморчек – Түштүк (Кемин району),
📍 Көл-Үкөк (Кочкор району),
📍 Зындан – Батыш (Тоң району),
📍 Зындан – Борбордук (Тоң району),
📍 Шамшынын жогорку агымындагы жаңы бөгөлмө көл (Чүй району).
Аба аркылуу жүргүзүлгөн кароо иштеринин жүрүшүндө адистер:
• бийик тоолуу көлдөрдүн, мөңгүлөрдүн жана мореналык бөгөттөрдүн абалын баалашты;
• көлдөрдө топтолгон суунун көлөмүн талдап чыгышты;
• дарыялардын нугун жана суу топтоо бассейндерин изилдешти;
• фото жана видеофиксация жүргүзүштү;
• күчөтүлгөн көзөмөлдү талап кылган участокторду аныкташты.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев климаттын өзгөрүшү бийик тоолуу көлдөрдүн жана мөңгүлөрдүн абалына барган сайын олуттуу таасир тийгизип жатканын белгилеп, ушул себептен заманбап мониторинг жана эрте эскертүү системасын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтты.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында алынган маалыматтар кооптуу жаратылыш процесстеринин өнүгүшүнө карата божомолдорду тактоого, сел агымдарынын пайда болуу тобокелдиктерин баалоого жана алдын алуу боюнча өз убагындагы чараларды кабыл алууга пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бийик тоолуу көлдөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү, эрте эскертүү системасын өркүндөтүү жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштерди ырааттуу улантууда.