Жаңылыктар

13.02.2024 12:00

   Кароолор: 620

БИЙИК ТООДО КУТКАРУУЧУЛАР ТАЖРЫЙБА ТОПТООДО

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык Өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары атайын пландын негизинде тоо шартында кезектеги машыгуудан өтүштү.

Ага ылайык, тоо куткаруучуларынын өздүк курамы тоодо аба ырайынын татаал шартындагы бийиктикте адам өмүрүн куткаруу, алгачкы жардам көрсөтүү, куткаруу шаймандарын жана кар үстүндө жүрө турган техникаларды туура колдонуу боюнча тажрыйбаларын бекемдешти.

Машыгуунун максаты куткаруучулардын кесиптик тажрыйбасын жана билимин жогорулатуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу