Жаңылыктар
01.10.2026 17:46
Кароолор: 13
БИЙИК КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДӨГҮ ЭВАКУАЦИЯЛЫК ЧЫГУУ ЖОЛДОРУН БИЛЕСИЗБИ?
Кыргызстанда акыркы жылдары көп кабаттуу үйлөрдүн саны көбөйүүдө. Мындай үйлөрдө өрт же башка өзгөчө кырдаал катталган учурда имараттан коопсуз чыгуу жолдорун алдын ала билүү абдан маанилүү.
Өрт чыккан учурда:
* эвакуациялык чыгууларды жана тепкичтерди алдын ала билип алыңыз;
* лифтти колдонбоңуз, тепкич аркылуу түшүңүз;
* түтүн каптаган учурда эңкейип же мүмкүн болсо жерге жакын абалда кыймылдаңыз;
* балдарды, улгайган адамдарды жана жардамга муктаж адамдарды биринчи кезекте коопсуз жерге чыгарыңыз;
* өрт чыккан учурда 112 номерине чалыңыз жана даректи так айтыңыз.
Эвакуация жолдорун кырсык болгон учурда эмес, алдын ала билип алыңыз.
Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугу үчүн үйүңүздөгү эвакуациялык чыгуу жолдорун азыртан текшерип коюңуз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ