Жаңылыктар

16.07.2024 20:30

   Кароолор: 1791

БЕШИНЧИ ЖАРАНДЫН СӨӨГҮ ӨЗБЕКСТАНДАН ТАБЫЛДЫ

 

16-июль күнү, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сөөгү Өзбекстан Республикасынын куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Белгилей кетсек, издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.

Маалым болгондой изделип жаткан жаран 14-июль күнү, Ош шаарындагы Борбордук базардан сел агызып кеткендиги тууралуу кабарланып, издөөгө алынган.

Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу