Жаңылыктар
07.09.2023 18:04
Кароолор: 650
Белоруссияда өткөн машыгууда куткаруучулар мыктылыгын көрсөтүштү
БЕЛОРУССИЯДА ӨТКӨН МАШЫГУУДА КУТКАРУУЧУЛАР МЫКТЫЛЫГЫН КӨРСӨТҮШТҮ
Белоруссияда өткөн "Скала-2023" машыгуусунда мыкты даярдыгын жана кесиптик жогорку тажрыйбасын көрсөткөн Кыргызстандык куткаруучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысынын юбилейлик медалы менен сыйланышты. Ошону менен катар Белоруссия мамлекетинин Өзгөчө кырдаалдар министринин атынан баалу белектер жана аталган өлкөнүн Жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо институтунун юбилейлик төш белгиси 3 куткаруучуга тапшырылды.
Эске салсак 1-6-сентябрга чейин Белоруссияда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин куткаруучу бөлүкчөлөрүнүн биргелешкен аракеттерин координациялоону жогорулатууга багытталган "Скала-2023" машыгуусу өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Белорусия жана Тажикстандын командалары катышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР