Жаңылыктар
17.12.2023 11:36
Кароолор: 669
БЕК-ЖАР—КИЧИК-ТЭЭКЕ—ЛАГЛАН УНАА ЖОЛУНДА КАР КҮРТКҮДӨН ТАЗАЛОО ИШТЕРИ УЛАНУУДА
2023-жылдын 12-декабрь күнү, Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында жааган кардын кесепетинен Бек-Жар—Кичик-Тээке—Лаглан ички чарбалык унаа жолунун жалпы 32 чакырым аралыгында бийиктиги 50-60см болгон кар күрткүсү пайда болуп, жол каттам убактылуу жабылган.
Бүгүн унаа жолду тазалоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМден 1 бульдозер тартылган.
13-14-декабрь күндөрү унаа жолдун 16 чакырым аралыгы тазаланса, 16-декабрь күнү ӨКМден 1 бульдозер тартылып, кечке чейин кошумча 9 чакырым аралык тазалган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР