Жаңылыктар

16.12.2023 11:37

   Кароолор: 289

БЕК-ЖАР—КИЧИК-ТЭЭКЕ—ЛАГЛАН УНАА ЖОЛУ КАР КҮРТКҮДӨН ТАЗАЛАНУУДА

2023-жылдын 12-декабрь күнү, Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында жааган кардын кесепетинен Бек-Жар—Кичик-Тээке—Лаглан ички чарбалык унаа жолунун жалпы 32 чакырым аралыгында бийиктиги 50-60см болгон кар күрткүсү пайда болуп, жол каттам убактылуу жабылган.

13-14-декабрь күндөрү унаа жолдун 16 чакырым аралыгы тазаланса, бүгүн ӨКМден 1 бульдозер тартылып, кечке чейин кошумча 9 чакырым аралык тазаланды. Унаа жолду кар күрткүдөн тазалоо иши 17-декабрь күнү уланат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу