Жаңылыктар

19.04.2024 10:28

   Кароолор: 176

БАЖЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ОКУТУЛДУ

Кечээ, 18-апрель күнү ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борборунун пландан сырткары окутуу мерчемине ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын адистештирилген бажысынын кызматкерлерине атайын жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында окутуу жүргүзүлдү.

Окутуунун жүрүшүндө өрт кырсыктарында өзүн-өзү алып жүрүү, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу менен өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана алдын алуу боюнча видео роликтер көргөзүлдү.

Бул теориялык окутуу борбордун кошумча кесиптик билим берүү кафедрасынын окутуучу курамы тарабынан өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу