Жаңылыктар
10.10.2024 09:14
Кароолор: 613
Б.АЖИКЕЕВ МАЙЛЫ-СУУДАГЫ МУРДАГЫ УРАН ӨНДҮРҮҮЧҮ ОБЪЕКТИЛЕРИН КӨРҮП ЧЫКТЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана Европа комиссиясынын делегаттары Майлуу-Суу шаарында жайгашкан мурдагы уран өндүрүү объектилерин көрүп чыгышты.
Делегаттар иш сапар учурунда оңдоп-түзөө жана өнүктүрүү иштери Европа банкы тарабынан каржылоого алынган, ӨКМ тарабынан аткарылып жаткан жумуш менен таанышты.
Майлуу-Суу шаары өз кезегинде ири уран казуучу борбор болгондугуна карабастан, 1968-жылы өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Бирок борбордун артында 23 радиоактивдүү калдык сактоочу жана 13 тоо-кен калдыктары көмүлгөн жай калган. Ошол убакыттан бери аталган жерде табигый кырсыктардын, анын ичинде жер көчкү жана суу ташкындарынын булагы болуп, адам өмүрүнө жана аймактын экологиясына коркунуч жаратып келген.
Соңку жылдары Кыргызстан кооптуу объектилерди турукташтырууда өзгөчө ийгиликтерге жетишүүдө. Европа Биримдиги Өзбекстан сыяктуу эле Кыргызстанга да уран калдыктарын сактоочу жайларды калыбына келтирүү иштерине колдоо көрсөтүү үчүн 40 миллион евродон ашык каражат бөлдү. Мындай колдоо экологиялык жана санитардык коркунучтарды жоюудагы маанилүү кадам болуп калмакчы.
Бул иш-чаралар жергиликтүү элдин жана кошуна өлкөлөрдүн саламаттыгын, аны менен катар эле экологиялык абалды жакшыртууну камсыздоого өбөлгө түзөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
**