Жаңылыктар

12.11.2024 11:57

   Кароолор: 673

Б.АЖИКЕЕВ: "ӨКМ АБАДА ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ОПЕРАЦИЯНЫ ИШКЕ АШЫРДЫ"

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абада жогорку деңгээлдеги операцияны ийгиликтүү ишке ашырды!

Ми-8 МТВ-1 тик учагыбыз тышкы илинмеси менен 3750 метр бийиктиктеги Арстанбаптын жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу аймагына РПО РМТР үчүн салмагы 1 тонна болгон өндүрүштүк жабдууларды жеткирди.

Жогорку кесипкөйлүк менен ишке ашырылган бул операция авиациябыздын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Салмагы 4 тоннага чейинки жүктөрдү 5 миң метр бийиктикке жана өлкөнүн ар бир бурчуна жеткирүүгө мүмкүндүк жаралууда.

Бул татаал тапшырманы тажрыйбалуу экипаж командирлери С.Садыков, А.Ашимов, бортмеханик С.Абдралиев жеринде техникалык колдоону авиациялык кызматынан инженер Эсенгул уулу Досумбек камсыздады.

Өлкөбүздүн бардык аймактарында, анын ичинде бийик тоолуу жерлерде аткарылган мындай жеткирүүлөр мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтилгенин билдирет».

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу