Жаңылыктар

08.04.2025 17:40

   Кароолор: 479

БАЗАРЛАРДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНААЛАРДЫН ТОСКООЛДУКСУЗ ӨТҮҮСҮНӨ ШАРТ ТҮЗҮҢҮЗ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи Май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен бирге борборубуздагы Сары-Өзөн базарында өрт коопсуздугу боюнча рейд уюштурду.

Анын жүрүшүндө базар ичинде өрт өчүрүүчү унаалардын тоскоолдуксуз кирип-чыгуусу, негизги жолдордун жана базардагы ички жолдордун ачыктыгын текшерүү жүргүзүлдү.

ӨКМ кызматкерлери соодагерлерге жана базар жетекчилигине өрттүн алдын алуу, башаламан жайгашкан соода түйүндөрүн ирээтке келтирүү, жеке унаалардын туура эмес токтотулуп, ыңгайсыздык жараткан жагдайларын жоюу тууралуу көрсөтмө берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу