Жаңылыктар

31.10.2023 17:04

   Кароолор: 1223

БАЗАРДА МАЙ ТОКОЧ САТКАН КҮРКӨДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

✅️Өрт өчүрүүчүлөр 4 күркөнү жана турак жай катары колдонулган 1 вагонду өрттөн сактап калышты.

Бишкектин Свердлов районунун "ДОсОО-Форт" базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатуучу күркөдөн (контейнер) чыккан өрт саат 14:48де толук өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:09дан тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзүп, жылыткыч, 2 муздаткыч, төшөнчүлөр күйгөн. Ошондой эле 2 газ баллон жарылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу