Жаңылыктар

26.08.2026 00:02

   Кароолор: 4

БАЗАР-КОРГОН ЖАНА НООКЕН РАЙОНДОРУНДАГЫ БИР КАТАР МААНИЛҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРДИН АБАЛЫ БААЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы бир катар маанилүү объектилердин абалын жеринен көрүп, аткарылып жаткан иштерге баа берди.

Алгач Базар-Коргон районунда Дүйнөлүк банктын «ERIK» долбоорунун алкагында курулуп жаткан мектепке барып, курулуш иштеринин жүрүшүнө жана сапатына көңүл бурду. Андан соң Кара-Үңкүр дарыясынын сол жээгинде курулган жээк коргоочу тосмонун абалы каралып, жүргүзүлгөн иштердин сапаты бааланды. Бул объект аймактагы сел жана суу ташкындарынын коркунучун азайтууда маанилүү роль ойнойт.

Иш сапар Ноокен районунда уланды.

Министр Кочкор-Ата шаарындагы селден кийинки абал менен жеринен таанышып, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөн өткөрдү. Ошондой эле министрлик тарабынан коюлган талаптардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.

Момбеков айыл өкмөтүндө курулуп жаткан селден коргоочу тосмонун курулушунун жүрүшү да каралып, аткарылган иштерге баа берилди. Жооптуу кызматкерлерге сапат талаптарын сактоо жана белгиленген иштерди өз убагында бүтүрүү боюнча тапшырмалар коюлду.

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев Шамалды-Сай шаарчасында курулуп жаткан өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгүнүн имаратына барып, объекттин курулушунун учурдагы абалы менен таанышты.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу