Жаңылыктар
23.07.2024 22:20
Кароолор: 165
БАЗАР-КОРГОН: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 77 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ
Саат 22:00гө карата алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.
Жерине ӨКМдин жалпы 77 куткаруучусу, 7 мотопомпа, жарандык коргонуу кызматтарынан 10 инженердик техника тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР