Жаңылыктар
23.07.2024 23:05
Кароолор: 645
БАЗАР-КОРГОН: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 210 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн саат 23:00гө карата алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.
ӨКМден 70 куткаруучу, 7 мотопомпа жеринде иштеп жатат. Ал эми ИИМден 50 милиция кызматкери, Жарандык коргонуу кызматтарынан 30, жергиликтүү тургундардан 60 адам селдин кесепеттерин жоюуда. Жалпысынан 210 адам чыкты.
Ошондой эле ЖК кызматтарынан 10 техника тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР