Жаңылыктар
24.07.2024 01:10
Кароолор: 381
БАЗАР-КОРГОН: СЕЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
Саат 24:00 гө карата Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагында сел суусу каптаган 1 чакырым жолдун 50% пайызы оор техникалардын жардамында тазаланып бүткөрүлдү.
Райондук Жарандык коргонуу кызматтары, ыктыярдуу элдик кошуун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн куткаруучулары сел суулар каптаган турак жайлар, соода түйүндөр түнгө карабастан тазаланууда.
Мындан сырткары авариялык абалдагы электр энергиясын калыбына келтирүү иштери тийешелүү адистер тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жеринде Башкармалыктын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ тийиштүү иш-чараларды алып барышууда. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР