Жаңылыктар
02.10.2024 11:43
Кароолор: 431
БАТКЕНДИН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАРЫ УЛУУЛАРДАН БАТА АЛЫШТЫ
“КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР”
1-октябрь - Эл аралык карылар күнү. Бул күн 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы тарабынан расмий майрамдардын катарына киргизилген.
Андыктан Баткен шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, подполковник К.Шарипов баштаган өздүк курам Эшанкулов Акмат атадан, Ражапова Шаангүл ападан кабар алды.
Белгилүү болгондой, бул дата улгайган жарандардын муктаждыктарын чечүүдө коомчулуктун көңүлүн буруу, жаш муундарга улууну урматтоону түшүндүрүү жана аларга колдоо көрсөтүү максатында жыл сайын белгиленет.
Мындан улам шаардык бөлүмдүн офицерлери да карыялардын батасын алып, өз каражатынын эсебинен майрамдык белектерин тапшырып келишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР