Жаңылыктар

23.02.2024 14:53

   Кароолор: 110

БАТКЕНДИК ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАР МАЙРАМДЫК МЕЛДЕШТЕ КҮЧ СЫНАШТЫ

23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү. Бул датанын урматына карата салтка айланган мелдеш Кадамжай району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү арасында уюштурулду.

Спорттун волейбол түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеште жалпысынан 4 команда ат салышты. Оюн талаасында биринчилик үчүн күч сынашкан өрт өчүрүүчү-куткаруучулар калыстар тобунун баалоосу менен:

- 1-орун №76,

- 2-орун №77,

- 3-орун №107,

- 4-орун №75 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн эсебине ыйгарылды.

Ал эми жетекчиликтин майрамдык куттуктоосу менен кошо атайын кубок, грамота жана кызыктыруучу сыйлыктары тапшырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу