Жаңылыктар

23.02.2024 15:13

   Кароолор: 169

БАТКЕНДИК КУТКАРУУЧУЛАР ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН КУБОГУНДА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

23-февраль - Мекен коргоочулар күнү. Бул датага карата облус башчысынын спорттун волейбол түрү боюнча кубогу уюштурулуп, мелдеште облус аймагындагы аскер бөлүктөрүнөн жана күч түзүмдөрүнөн жалпы жети команда катышты.

Оюн талаасында КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын жана Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары өз мыктылыгын көрсөтүп, жыйынтыгында 1-орунду багындырды.

ӨКМ куткаруучулары бул ийгилиги үчүн кубок жана диплом, акчалай сыйлыкка ээ болуп кайтышты .

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу