Жаңылыктар
04.07.2024 16:55
Кароолор: 410
БАТКЕНДИК КУТКАРУУЧУЛАР НООКАТТА ТАЗА СУУ ЖЕТКИРҮҮДӨ
Сел кырсыгынан жабыркаган Кулатов айыл аймагында да таза суу линияны үзгүлтүккө учурап, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кырдаал жөнгө салынган убакытка чейин таза суу менен камсыздоо иштери ӨКМ тарабынан колго алынууда.
Бүгүн, 4-июлга карата Кызыл-Кыя шаарындагы №62 ӨККБнөн 1 өрт өчүрүүчү авто унаасында 2 жана Кадамжай районундагы №76 ӨККБнөн 2 өрт өчүрүүчү автоунаада 2, жалпы 3 автоунаа менен 6 куткаруучу таза суу таратууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР