Жаңылыктар
21.02.2025 11:52
Кароолор: 373
БАТКЕНДИК КУТКАРУУЧУ АДИЛЕТТИН ОРУНДАЛГАН БАЛАЛЫК КЫЯЛЫ
Жардамга муктаж адамдын ажатын ачып, балким алоолонгон оттон, агымы катуу суудан, же өмүр менен өлүм арбашкан ар кандай өзгөчө кырдаал учурунда тайманбаган, жалтанбаган кесиптин ээси бул – куткаруучу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенген ар бир куткаруучу мындай окуяларга сөзсүз туш болот. Жардамга муктаж жаранды куткаруу менен гана тим болбостон, алгачкы жардам көрсөтүп куткарууга да туура келет. Демек, куткаруучу-бардык кесиптерди бир адистикке сыйдыра алган эң улуу, сыймыктуу, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү кесиптин ээси. Бул кесипти тандаган ар бир кызматкер жумуштун түйшүгүн да, жоопкерчилигин да көтөрө билген сапатка ээ. Дал ушундай кызматкерлердин бири Азамат уулу Адилет. Ал 1998-жылдын 17-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы 1-Май айылында туулган. 2016-жылы орто билимге ээ болуп, балалык кыялын орундатуу үчүн мөөнөттүү аскер кызматын өтөөгө Ош шаарындагы 2024 аскер бөлүгүндө кызмат өтөөгө аттанат. Өрт өчүрүүчү-куткаруучу болууну ал тээ мектеп курагынан баштап эңсей баштаган.
- Сабактан келаткан топ балдар айылдагы өрт кырсыгына күбө болуп, ошондо өрт өчүрүүчүлөрдүн жалын арасында иштеп жаткан шамдагайлыгына, тайманбастыгына суктангам. Дал ошол убакыттан тарта келечекте мен да ушундай сыймыктуу кесиптин ээси болууну максат койгом. Ошол максаттын арты менен мөөнөттүү аскер кызматын аяктагандан кийин 2017-жылдын октябрь айында Чүй облусундагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда алгачкы эмгек жолумду баштагам. Арадан бир жыл убакыт өтпөй эле куткаруучулук кесипти мыкты өздөштүрүү үчүн Казакстандагы Жарандык Коргоо Академиясына тапшырдым.
Окууну ийгиликтүү аяктаган алатоолук жаш куткаруучу КР ӨКМдин Нарын облусундагы №26 ӨККБнүн өрт-өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн офицери кызматына жумушка кабыл алынат. Кызматтык милдетин алыскы Баткен облусунда улантып жаткан Адилет соңку 3 жылдан бери Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө кароол башчысы кызматын аркалап келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР