Жаңылыктар

01.04.2024 09:44

   Кароолор: 364

БАТКЕНДЕГИ ХАЛМИОН БАЗАРЫНДА ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу саат 2:29да маалымат түшкөн. Ошол эле замат тилсиз жоо менен каршы күрөшүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Алгач атайын өрт өчүрүүчү автоунаасы менен 1 күжүрмөн эсеп саат 2:32де, андан кийин саат 2:59да жана үчүнчү күжүрмөн эсеп саат 3:16да чыгып, саат 4:07де чектөөгө алынган өрт саат 7:01де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты алдын ала маалымат боюнча 2380 чарчы метр аянтты камтыган.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда, бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

Фото: архив

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу