Жаңылыктар
26.12.2024 23:39
Кароолор: 276
БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, 26-декабрь күнү саат 23:22де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Лангар айылында 2,5 баллга (Лангар айылынан 6 чакырым түндүк чыгышта, Эгин-Жай айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Кара-Оток айылынан 15 чакырым түштүк батышта, Ош шаарынан 95 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР