Жаңылыктар

20.11.2024 07:50

   Кароолор: 173

БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 20-ноябрда таңкы саат 04:53тө Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталды.

Тактап айтканда, Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Кара-Суу, Коргон айылдарында жана Баткен районунун Рават айылында 3,5 баллга, (Лейлек айылынан 6 чакырым түндүктө, Рават айылынан 9 чакырым түндүк батышта, Сүлүктү шаарынан 45 чакырым чыгышта, Баткен шаарынан 65 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу