Жаңылыктар
12.11.2024 15:30
Кароолор: 234
БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 13:34тө очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Чечек айылында 2 баллга (Ак-Чечек айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Жаңы-Жер айылынан 13 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 65 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР