Жаңылыктар

27.02.2024 12:50

   Кароолор: 470

БАТКЕНДЕ ЖАШ ЫКТЫЯРЧЫЛАР ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ЖААТЫНДА КОШУМЧА БИЛИМГЕ ЭЭ БОЛУШТУ

Климаттын өзгөрүүсү бүткүл дүйнө жүзүндө байкалууда. Бул өзгөрүү адам өмүрүнө да таасир этет. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктын коркунучуна балдардын туруктуулугун жогорулатуу", жол картасын талкуулоо кабыл алынган.

Натыйжада Баткен облусунун аймагындагы бүтүрүүчү класстардан кабыл алынган 60 жаш ыктыярчыга Жарандык коргонуу жаатында сабактар өткөрүлдү. ЮНИСЕФ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган окууда ӨКМ офицерлери өзгөчө кырдаалдын түрлөрү, өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелери, ошол эле учурда жаш ыктыярчылардын милдеттери туурасында маалымат менен бөлүштү.

Анткени ӨКМ жана ЮНИСЕФтин жаш ыктыярчылары менен биргеликте билим берүү мекемелеринде «Ачык эшик» күнү уюштурулуп, ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаал учурунда коопсуздук эрежелери, дарыгерге чейинки медициналык жардам көрсөтүү боюнча билимин тереңдетүүгө шарт түзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу