Жаңылыктар
15.09.2025 12:55
Кароолор: 8
БАТКЕНДЕ ТООДО ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ
Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда чыккан өрт саат 12:34тө толугу менен өчүрүлдү.
Маалымат катары айта кетсек, кечээ, 2025-жылдын 13-сентябрында саат 17:50дө Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда куураган чөп өрттөнүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине саат 18:10до Баткен району боюнча ӨКБнүн башчысы майор Ч. Жумакадыровдун жетектөөсүндө 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, кошумча дагы 5 куткаруучу чыгышкан.
Өрттү өчүрүүгө кошумча күч катары Токой чарба кызматынан 5, Баткен райондук ИИБнөн 5, Кара-Булак айылынын жергиликтүү тургундарынан 40, ошондой эле Алтын-Бешик айыл аймагынан 50, жалпы 75 жаран тартылган.
Тилсиз жоо 21:00дө чектөөгө алынып, түнкү нөөмөттө да куткаруучулар калган.
Бүгүн, 14-сентябрь күнү тоодогу өрттү өчүрүү иштерин улантуу максатында токой чарба кызматынан 20 жана жеринде нөөмөттө калган 2 кызматкер, жалпы 22 жаран тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР