Жаңылыктар

11.07.2024 14:20

   Кароолор: 425

БАТКЕНДЕ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 405 АДАМ ТАРТЫЛДЫ, АНЫН 131и КУТКАРУУЧУ

Бүгүн саат 13:50гө карата Баткен районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга күч жана каражаттар тартылып, калыбына келтирүү, сел калдыктарын тазалоо иштери аткарылып жатат.

ӨКМден жалпы 131 куткаруучу, 1 экскаватор, 2 тралл, 1 жүктөгүч, ал эми ИИМден 47 милиционер, 5 грейдер чыкты. Ошондой эле “Тез жардам” кызматынан 35 медкызматкери, 4 бригада иштөөдө.

Суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, жаныбарларды коргоо кызматынан 7 кызматкер, РЭТтен 17 электриктер, 2 атайын техника, СЭСтен 7 кызматкер, 1 атайын техника, инженердик кызматынан 8 кызматкер, 2 атайын техника, материалдык баалуулуктарды топтоо, сактоо жана чыгаруу кызматынан 3 кызматкер, №2 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 150 адам, жалпы 405 адам, 20 техника тартылды.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу