Жаңылыктар

23.04.2024 20:13

   Кароолор: 102

БАТКЕНДЕ СЕЛДЕН КИЙИНКИ ТАЗАЛОО ИШТЕРИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Кечээ, 22-апрель күнкү жаандан улам облус боюнча 105 ӨКМ куткаруучулары тартылып, сел сууларынан жана калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүздү. Учурда Санэпидкөзөмөл борбору тарабынан дезинфекциялоо иштери аткарылууда.

Эске салсак, Лейлек районунун Раззаков шаарында жалпы 22 турак үй, 24 жертөлө, 46 огород участка, 13 чарбалык имарат, 3 мал сарайда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө Лейлек ӨКБ 40, Сүлүктү ӨКБ 8 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, №1 ӨМТКВнан 9 куткаруучу, 2 бирдик техника жана 5 даана мотопомпо, Мониторинг жүргүзүү департаментинин адиси, Раззаков шаардык мэриясынан жүктөгүч жана грейдер тартылган. Ошондой эле, ыктыярдуу топ, 50 жергиликтүү жашоочулар, МТЗ Трактор жана водовоз тартылды.

Кызыл-Кыя шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча, шаардык ӨКБ 29, Кадамжай райондук ӨКБнөн 12 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, №4 ӨМТКВнан 17 куткаруучу жана техникалык каражаттар тартылып, 30 турак үй жана 3 көп кабаттуу турак үйдүн жертөлөсүнө кирген сел суулары толук тазаланып бүткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу