Жаңылыктар

17.04.2025 22:22

   Кароолор: 624

БАТКЕНДЕ МАШЫГУУНУН АЛКАГЫНДА СЕЛДЕН КОРГОО ЧАРАЛАРЫ АТКАРЫЛДЫ

Жаз-жай айларындагы жаан-чачынга байланыштуу кооптуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын машыгуулар тынымсыз өткөрүлүп турат. Бул жолу да 3 күнгө мерчемделген машыгуунун алкагында Кызыл-Кыя шаарында практикалык иш-чаралар аткарылууда.

Машыгуунун сценарийине ылайык, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам аймакта жайгашкан көмөк чордондо авария катталып, үзгүлтүккө учураган электр энергиясы 6 саатта калыбына келтирилди. Ал эми Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын Ак-Булак айылында сел жүрүп, аймакка караштуу дыйкан чарба жерлерин жана огород участкаларын сел суулары каптап, сугат суу каналынын 1000 метр аралыгына сел калдыктары толгон. Сугат суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.

Мындан сырткары, Ак-Булак айылында 20 турак үй жана 2 социалдык объектилерди сел каптап, ички чарбалык унаа жолдор, сугат суу арыктарына сел кирүү коркунучу жаралган. Түзүлгөн кырдаалды ыкчам түрдө жөнгө салуу үчүн Жарандык коргонуу кызматтары жана күч каражаттары тартылып, акыр-чикирлерди тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындай машыгуулардын алкагында Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы бааланып, ошол эле учурда сел коркунучунун алдын алуу чаралары ыкчам түрдө жүргүзүлөт. Ал эми ӨКМ жергиликтүү жашоочуларды жаз-жай мезгилиндеги жаан-чачынга байланыштуу ички чарбалык арыктарды таза кармоо, сел каптоонун алдын алууга салым кошуу жагын суранат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу