Жаңылыктар

22.05.2024 13:29

   Кароолор: 506

БАТКЕНДЕ КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ЫКЧАМ ДАЯРДЫГЫ КҮТҮҮСҮЗ ТЕКШЕРИЛДИ

ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отряды Баткен шаарында жайгашкан. Куткаруучулар көбүнчө шаар, район, а түгүл облус аймагындагы издөө-куткаруу иштерине, ар кандай өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерине тартылат. Талапка ылайык, отряддын куткаруучулары теориялык билимин практикалык окуу, машыгуулар аркылуу бекемдеп, атайын аттестациядан өз учурунда өтүп турушат.

Баткен облусуна болгон жумушчу иш сапарында ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов аталган отрядды «Айгай» менен көтөрүп, өздүк курамдын ыкчам даярдыгы текшерилди. Аныкталган кемчиликтер жеринде четтетилип, отряд командирине кошумча тапшырмалар берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу